Марал Радиосу

УКМК: Депутаттын атынан тарап жаткан билдирүү боюнча иликтөө иштери башталды

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун атынан социалдык тармактарда тарап жаткан аудио билдирүүгө байланыштуу иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-кызматы билдирди.

Маалыыматка ылайык, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө коомчулукту үндөгөн чакырыктын өздүк булактарын аныктоо үчүн атайын экспертиза даярдалды.

Экспертизанын жыйынтыгында юридикалык баа берилип, мыйзамга ылайык чаралар кабыл алынат.

Exit mobile version