Биз менен байланышыңыз

Коронавирус боюнча Өзбекстандагы абал

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 469 | 0

Бүгүн, 12-июль саат 10:00гө карата Өзбекстанда коронавирус инфекциясы 193 адамдан аныкталды. Өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 12 706 адамды түздү.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы учурлардын ичинен 84 учур карантин борборунда (чет өлкөдөн келгендер), 67 учур Ташкентте, 25 учур Наманган облусунда жана 17 учур Самарканд облусунда катталды.

Өзбекстанда жалпы 7723 адам (61 %)коронавирустан айыгып, дагы 4925 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 45 адамдын абалы оор болсо, 7 бейтап жандандыруу бөлүмүндө.

Өзбекстан 10-июлдан тарта республика боюнча «кызыл зонага» өттү. Катаал карантин режими 10-июлдан 1-августка чейин созулат. Бул аралыкта жалаң азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканаларга гана иштөөгө уруксат берилет.

Казакстанда 40 миңдей адам пневмонияга кабылды. Бул жагдай коронавируска байланыштуу экени айтылууда

Copyright © 2017 Maral FM