Биз менен байланышыңыз

Казакстанда 40 миңдей адам пневмонияга кабылды. Бул жагдай коронавируска байланыштуу экени айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 440 | 0

Казакстанда июль айынын биринчи аптасында эле 40 миңдей киши пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

Анын айтымында, пневмония менен жабыркагандардын жарымынын анализинен коронавирус табылган. Министр, бул сан былтыркы жылдын ушул маалына караганда 2,3 эсе көп экенин кошумчалады.

Минстр билдиргендей, жыл башынан бери пневмониядан жабыркаган 99 миңдей адам катталган, илдеттен 1800гө жакын киши көз жумган. Бул статистика коронавирустун көрсөткүчүнө кошулган эмес.

Казакстанда акыркы сутка ичинде 1798 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 737 адам симтому жок ооругандар экенин коронавируска каршы күрөшкөн штаб билдирди.

Муну менен өлкөдө илдетке чалдыккандарын жалпы саны 58 253 адамга жетти.

Ошондой эле бир суткада коронавирустан 1314 киши айыгып, ооруканадан чыкты.

  • Айыккандардын жалпы саны — 33 814.
  • Каза болгондор —264.

Дүнөлүк саламаттыкты сактооо уюму Казакстандагы пневмониянын көп катталышы коронавируска байланыштуу болушу ыктымалдыгын айтат.

Саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун программасынын башчысы Майкл Райан жума күнү кечинде Женевадагы брифингде Казакстандагы пневмониянын көп катталышы туура эмес диагноздолгон коронавирустун бир формасы болушу мүмкүн экенин айткан. Өлкөдө COVID-19 вирусу менен ооругандардын көбөйүшү бул версияны далилдейт, деп кошумчалады Райан.

Ал ошондой эле ДССУ Казакстандын бийликтери менен иштешип, бул учурлар коронавирус инфекциясына дал келерин түшүнүш үчүн пневмониясы бар бейтаптардын рентген-сүрөттөрүн изилдеп жатканын билдирди. ДССУ пневмониянын очогу – COVID-19 вирусунун кесепети деген пикирде болгону менен, уюмдун эксперттери башка версияларды дагы карап чыгууга даяр экенин белгиледи Райан.

Copyright © 2017 Maral FM