Марал Радиосу

Коронавирус башталгандан бери Трамп алгачкы ирет беткап тагып чыкты

АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясы башталгандан бери коомчулук алдына алгач ирет беткап тагып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Трамп, 11-июлда, Вашингтондогу согуштук аракет учурунда жаракат алган аскерлер дарыланып жаткан Walter Reed госпиталына барып кабар алды. Ал жакка Трамп алтын түскө боелгон президенттик печать басылган кара-көк түстөгү беткап тагып барды.

«Беткап таккан жакшы деп ойлойм. Мен эч качан беткап тагууга каршы болгон эмесмин. Бирок бардык нерсенин өзүнүн убагы, орду бар»,- деди президент журналисттерге.

АКШнын көпчүлүк штаттарында коронавирус эпидемиясы башталгандан бери беткап тагууну сунуштап келет.