Марал Радиосу

Велосипед алам деген акчасын ооруканага берген балдар

Ат-Башынын  7 жаштагы Залкар Тилеков жана 8 жаштагы Али Тилеков аттуу кичинекей тургундары велосипед алууга чогулткан акчаларын кычкылтек концентраторун алууга беришти.

Аталган аймактык ооруканага кычкылтек концентраторун алуу үчүн айыл активистери акча каржаттарын чогултушууда.

Кошумчалай кетсек, 11-июлда өкмөт Нарындагы ооруканаларга 20 кычкылтек концентраторун бөлүп берди.

Маалыматка ылайык, медициналык жабдуулар Нарын облустук бириктирилген ооруканасына тапшырылган. Концентраторлор аймактык ооруканаларга жана алардын жаңы ачылган филиалдарына муктаждыкка жараша бөлүштүрүлүп берилмекчи.