Биз менен байланышыңыз

Дүйнө боюнча коронавирусту жуктургандардардын саны кескин түрдө өсүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 336 | 0

Акыркы бир суткада дүйнө боюнча 238 миң 888 адамдан коронавирус аныкталды.

Дүйнө жүзү боюнча жалпы 12 миллион 232 миң 745 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын ичинен 3 миллион 184 миң 573 АКШда катталды. Акыркы бир сутканын ичинде Америка Кошмо Штаттарында 67 149 адам коронавирус жуктурган. «The New York Times» маалымдагандай, буга чейин бир сутканын ичиндеги рекорд 59 886 учурду түзгөн.

Бразилияда —1 миллион 800 миң 827, Индияда — 793 миң 802, Россияда — 712 миң 863, Перуда — 312 миң 646, Чилиде — 309 миң 274 жана Улуу Британияда — 289 миң 678 учур.

COVID-2019 вирусунан айыккандардын саны 6,8 миллион адам. Бир сутка ичинде 104 миң 871 бейтап айыгып чыкты.

Ал эми каза болгондордун жалпы саны 559 миң 568ге жетти. 4 күн мурдагы көрсөткүчкө караганда 5 миң 208ге өстү. Коронавирус жалпы 188 өлкөгө жетти.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 9 миң 910, Казакстанда — 54 миң 747, Өзбекстанда — 12 миң 206, Тажикстанда — 6 миң 457.

Copyright © 2017 Maral FM