Марал Радиосу

Бишкек мэриясы дарыгерлерди жана медайымдарды жардамга чакырат

Бишкек шаардык мэриясы дарыгерлерди жана медайымдарды жардамга чакырат. Маалыматка ылайык, коронавирус жана пневмония менен ооруган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу дарыгерлердин жетишсиздиги байкалууда.

Маалыматка ылайык, жашаган жер, тамака-аш менен камсыздалат. Айлык акысы саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык төлөнөт. Медкызматкерлер карантиндик-казарма режиминде иштейт. Дарыгерлер күнүнө 2 миң 300 сом, орто медперсоналдар 2 миң сом, кенже медперсоналдар 1 миң 800 сом алышат. Жумуш саат 08:00дөн 20:00гө чейин.

Бишкек мэриясынан кошумчалашкандай, күндүзгү стационарга кайрылган жарандар акырындык менен айыгууда.

Жумуш боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү байланыш номерлерине кайрылса болот: