Марал Радиосу

Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандар 10 миңге чамалады. Аймактар боюнча бөлүнүшү

11-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 9 910 учурга жетти. Анын ичинен:
Стационарда – 631, анын 25и реанимацияда;
Үй карантининде дарыланып жаткандар – 5 918;
3 236 адам айыгып, ооруканадан чыгарылса, 125 бейтап каза тапты.

Ал эми пневмониядан бир сутка ичинде пневмониядан 32 бейтап каза болду. Алардын ичинен 24 адам республика боюнча жана Бишкекте 8 адам.
Март айынан бери пневмониядан улам каза болгондордун жалпы саны 382ге жетти.

11-июлуна карата бир сутка ичинде коронавирусту жуктурган 552 жаңы учур катталды. Анын ичинде 79у медициналык кызматкер. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1529 учур катталды, алардын ичинен 546 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Коронавирус менен катталгандардын аймактар боюнча бөлүнүшү:

— Бишкек ш. — 4341;

— Чүй облусу — 1832;

— Ош ш. — 972;

— Ош облусу — 647;

— Нарын облусу — 647;

— Жалал-Абад облусу — 581;

— Исык-Көл облусу — 307;

— Баткен облусу — 257;

— Талас облусу — 86;

— Орусиядан келгендер — 240.