Биз менен байланышыңыз

Дагы 3 адам коронавирустан, 32 бейтап пневмониядан көз жумду

Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 489 | 0

Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

  • Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 2 (эркектер, 65 жашта, 51 жашта);
  • Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 44 жашта).

Республика боюнча коронавирустан кесепетинде каза болгондордун жалпы саны 125 кишини түздү.

Ал эми пневмониядан бир сутка ичинде пневмониядан 32 бейтап каза болду. Алардын ичинен 24 адам республика боюнча жана Бишкекте 8 адам.
Март айынан бери пневмониядан улам каза болгондордун жалпы саны 382ге жетти.

Республика боюнча коронавирустук инфекцияны жуктургандардын жалпы саны 9910го жетти. Анын ичинен 125и каза болду. Ошондой эле, 3236 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.


Антирекорд: 11-июлга карата коронавирусту жуктурган 552 учур катталды

Copyright © 2017 Maral FM