Марал Радиосу

Быйыл бюджеттен саламаттык сактоо тармагына 6,6 млрд сом каралган

2019-жылга карата республикалык бюджетте саламаттык сактоо чөйрөсүнө 3,6 млрд сом бөлүнгөн, муну менен катар 2020-жылдын республикалык бюджетинде саламаттык сактоо тармагына 6,6 млрд сом каралган. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын бардык мамлекеттик органдарынын ишине, республикалык бюджетти түзгөн салык жана бажы алымдарын жыйноого таасир берди.

Өлкөдө түзүлгөн жагдайга карабастан белгиленген компенсацияларды жана коронавирус менен күрөшүүгө тартылган дарыгерлерге кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн быйылкы жылы республикалык бюджеттен эле 243,3 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, жасалма дем алдыруучу жабдууларын, кычкылтек концентраттарын, жеке коргонуу каражаттарын, керектүү дары-дармектерди жана гигиена каражаттарын сатып алуу иш-чаралары каржыланган.

Жалпысынан COVID-19га байланыштуу иш-чараларды каржылоо өз убагында жана зарыл көлөмдө ишке ашырылууда.