Марал Радиосу

Облустар аралык коомдук транспорттор убактылуу токтотулду

Кыргызстандын бардык облустарында 9-июлдан баштап облустар арасындагы жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун, шаарлар аралык автобустардын жүрүшү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Бул чектөөнүн мөөнөтү Кыргызстандын региондорунда эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин күчүндө болот.

Мындай чечим COVID-19 вирусунун жайылышын болтурбоо жана алдын алуу боюнча Облустук оперативдик штабда кабыл алынды.