Кыргызгидромет билдиргендей, 10-июлда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +14 … +19 °C, күндүз +26 … +31 °C;
Таласта түнкүсүн +10 … +15 °C, күндүз +24 … +29 °C;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16 … +21 °C, күндүз +28 … +33 °C;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7… +12 °C, күндүз +17 … +24 °C
Нарында түнкүсүн +6 … +11 °C , күндүз 17 … 22 °C
Бишкек шаарында 10-июлда түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Абанын табы түнкүсүн 14 … 19 °C градус, күндүз 26 … 31 °C градус болот.