Марал Радиосу

Сабиржан Абдикаримовдун абалы канааттандырарлык

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы учурда канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, алардын абалы учурда жакшы.

“Сабиржан Абдикаримов жана Нурболот Үсөнбаев оорусу боюнча дарыланып жатат. Бирок азырынча коронавирусту аныктай турган анализдери чыга элек”, — деди ал.

Буга чейин Сабиржан Абдикаримовдун пневмонияга, министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин коронавируска чалдыкканы айтылып жаткан.