Пандемиядан улам беткаптарды колдонуу жашообуздун бир бөлүгүнө айланды. Дүйнө өз алдынча режимден, анын ичинде оор физикалык эмгек жана кесиптик спорт менен алектенип жаткан адамдар акырындык менен чыгып келе жатат.
Бирок сактык чаралары талап кылынат: беткап тагынуу карантиндин негизги шарты бойдон калууда. Деген менен оор жумушта же спорт менен алектенүүдө беткап кийүү канчалык коопсуз? Бул беткап кийүүгө мажбур болгон адамдардын ден соолугуна кандай таасир этет?
Физикалык иш кылып жатканда дем алуу процесси эс алып отурган абалдан айырмаланып турат. Ылдам жана терең дем ала баштайбыз. Демек, өпкөдөн аба салыштырмалуу көбүрөөк өтөт. Организм кычкылтекти активдүү колдонот жана натыйжада көмүр кычкыл газын чыгарат. Бул процесстер тынч абалга салыштырмалуу бир нече эсе күчөйт жана ушул кезде көйгөйлөр келип чыгат.
Беткап вирустар менен бактериялар үчүн гана эмес, аба агымдары үчүн да тоскоолдук болуп саналат. Ткань керектүү абанын көлөмүн азайтат, ошондуктан активдүү көнүгүү учурунда адамга кычкылтек жетишпей калат.
Ошентсе да, эксперттердин айтымында, бул жаман эмес. Өпкөдөн чыккан көмүр кычкыл газы бет менен беткаптын ортосундагы аба мейкиндигине жарым-жартылай сиңип калат. Демек, куруучу, оор атлет же спортчу болобу, жигердүү адам адаттагыдан көбүрөөк көмүр кычкыл газына каныккан абаны сарптайт. Бул учурда кычкылтектин үлүшү азаят жана биз дем алган аба параметрлери боюнча тоолуу аймактарды эске салат. Мындай шартта иштөө жана спорт менен машыгуу өтө кыйын.
Беткапта узак убакыт бою жүрүү жана физикалык активдүүлүк ыңгайсыздыкты гана эмес, андан да коркунучтуураак. Коргоочу беткаптын болушу организмде кычкылтектин жетишсиздигине алып келет, натыйжада баш айлануу, жүрөк айлануу, баш оору жана башка жагымсыз белгилер пайда болот.
Күнүмдүк кычкылтектин жетишсиздиги ден-соолукка олуттуу зыян алып келиши мүмкүн дегенди да жокко чыгарууга болбойт.
Буга байланыштуу эксперттер беткаптардын спорт менен алектенген адамдардын ден-соолугуна тийгизген таасири жөнүндө кошумча изилдөө жүргүзүү керектигин айтышат.