Марал Радиосу

Кыргызстанда коронавирустун жаңы 361 учуру катталды

Бүгүн, 9-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 361 учур катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйынында билдирди.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 70 бейтап чыгарылды.

Мындан сырткары бир сутка ичинде өлкө боюнча 83 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1370 учур катталды, алардын ичинен 532си айыгып чыккан.

Кыргызстанда 9-июлга карата COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 8 847 учурга жетти. Алардын ичинен 3053 бейтап айыгып, 116 бейтап каза тапты.

Учурда стационарда 610 адам дарыланууда, алардын ичинен 14 бейтап реанимацияда. Ал эми 5 068 бейтап үй карантининде дарыланып жатат.