Биз менен байланышыңыз

Кот-д’Ивуардын премьер-министри көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 520 | 0

Кот-д’Ивуардын премьер-министри Амаду Гон Кулибали 62 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президент Алассане Уаттара жарыялады.

Анын маалыматына караганда, Кулибали өкмөттүн жыйынында капысынан өзүн жаман сезип калганын айткан. Андан кийин ал ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Кулибали 2017-жылдан бери премьер-министр болуп келген. Мындан тышкары, анын талапкерлигин Уфуетчи Демократия жана Тынчтык үчүн Альянсы октябрдагы президенттик шайлоодо көрсөткөн.

2019-жылы кийинки президенттик мөөнөткө талапкерлигин койбой тургандыгын жарыялаган Алассан Уаттара Кулибалинин талапкерлигин колдогон.

Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, Кулибали 2012-жылы Париждеги клиникада жүрөккө операция жасаткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM