Марал Радиосу

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмонияга кабылды

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмонияга кабылды. Бул тууралуу Kaktus.media ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Ошондой эле, министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев да ооруп калган, анда коронавирустук инфекциянын белгилери болуп жатканы айтылууда.

Бирок алардын ден-соолугу тууралуу так маалымат айтыла элек. Сабиржан Каримов менен анын орун басары бир-нече күндөн бери брифингде көрүнбөй жаткан. Ошентсе да, саламаттыкты сактоо министри 6-июлда Коопсуздук кеңешинин отурумунда баяндама жасаган.