Марал Радиосу

Кыргызстанда жарандыгы жок жүргөндөргө «жашыл коридордун» мөөнөтү узартылды

Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар үчүн “жашыл коридордун” иштөө мөөнөтү узартылды.

Мындай чечим КР Өкмөтү тарабынан чет мамлекеттер менен авиабилдирүүлөрдүн убактылуу токтошун жана чек аралардын жабылышын эске алуу менен кабыл алынды.

Мындан улам учурда Кыргызстандын аймагында визалык жана вызасыз тартипте жүргөн чет элдик жарандар, ошондой эле жарандыгы жок жактар буйрук жокко чыгарылганга чейин өлкөдөн чыгуу визаларын толтурбастан жана каттоо кагазын талап кылбастан чыгып кете алат.