Биз менен байланышыңыз

Баткенде жаңы чектөөлөр: Бишкек, Ош менен болгон такси каттамдары токтотулат

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 1017 | 0

Баткен облустук штабда, облустагы акыркы кырдаал талкууланып, коронавирус илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Алар;
10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;
Санитардык карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;
Азык түлүк,тамак аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксаат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү алуусуна тыюу салынат;
Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынат;
Той мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт;
Дары дармек, тамак аш азыктарынын баасын жогорулаткан жарандарга катуу чаралар көрүлөт;
— Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга баруучу жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыга алат;
— Облустун аймагындагы мал базарлар бир жумада бир күн гана иштөөсү белгиленет.

Copyright © 2017 Maral FM