Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Новосибирсктен 213 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 419 | 0

Бүгүн, 8-июлда Кыргызстанга «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск – Бишкек каттамы менен Орусиядан 213 Кыргызстандын жараны кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуу аялдар жана жаш балдары бар энелер, ошондой эле оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар кирди.

Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Сибир федералдык округундагы шаарлардагы жана региондордогу кыргыз жарандарынын кайрылуулардын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн сунушу менен түзүлгөн.

Учурда чет мамлекеттерде жүргөн жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM