Президенттик Аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавирустан айыгып, бүгүн 8-июлдан тарта ишке чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.
Ал ооруп жаткан учурда тилектештик билдиргендердин баарына ыраазычылык айткан.
— Кудайга шүгүр, оорудан үй шартында изоляцияда болуп, врачтын телефондон күнүгө берген көрсөтмөсү менен дарыланып, айыктым. Кайра тапшырган тест таза чыкты. Бүгүнтөн баштап, жумушка чыктым, — деп жазган Эсеналиев.
Ошондой эле, ал ар бир кыргызстандыкка ден соолук каалап, дарыгерлердин эмгегине ыраазычылык билдирген.
Президенттик аппараттын 17 кызматкери коронавируска чалдыкканы тууралуу маалымат 28-июнда жарыяланган. Буга байланыштуу аппарат аралыктан иштөөгө өткөн.