Марал Радиосу

Эрнест Абдыжапаров: Өз кинолорумдун ЖАРАТМАНЫМЫН   

«Мен жана мезгил» программасынын кезектеги коногу аты алыска тараган, кино  тармагынын өсүп-өнүгүүсүнө бир топ салымын кошуп, эмгегинен  жаралаган  көптөгөн тасмалары менен элди кубантып келген белгилүү кинорежиссер, сценарист жана продюсер  Эрнест Абдыжапаров 

— Эрнест Алмасбекович, саламатсызбы?

— Саламатчылык

— Жакшы бир жаңылык бар экен. Анда эмесе, сөздүн кезеги сизде болсун.

— Эми, жаман айтпай жакшы жок дегендей таажы вирусу болбогондо бул жаңылык болмок эмес. Жаңы долбоор менен буркан-шаркан болуп жатканда бардык планыбызды токтотуп салды. Ошондо үйдө олтурганда эки киносценарий, анан бир ой толгоо китеп түрүндө чыкты десем болот. Азыр 500 экземпляр менен бүгүн-эртең колума тийгени турат. Анан дүкөндөргө, жалпы элге таратам деген ой бар. Эң негизгиси бул китепти кыргыздын тагдырына таасир берчү адамдардын колуна тийип, кандайдыр бир көөдөнүндөгү ыйыкты ачабы? Кыргыздын тарыхына көңүл бурабы? деген тилектемин. Себеп дегенде ал китептин ичинде  өмүр бою ойлоп жүргөн ойлордун бардыгы камтылган. Эки бөлүктөн турат, экинчи бөлүгү бул — Сагымбай Орозбаковдун киносценарийи. Кыргыздын тарыхы, келечеги десем болот. Менин жеке жыйынтыктоом болгону менен тарыхый маалыматтарга, фактыларга шилтеме берүү менен жазылган. Китептин аты «Кыргызым» деп аталат.

— Ушул “Кыргызым” деп аталган китебиңизди жакындарыңыз окуп чыктыбы, кандай пикир калтырып жатат?

— Ооба, өткөн жумада китептин бет ачары болду. Акылбек Мураталиевдин пикири боюнча, “өзүң орусча окуп туруп, кыргызча жакшы жазат экенсиң. Чоң, орчундуу маселелерди жөнөкөй жатык тил менен жакшы түшүндүрүп жазыптырсың”, — деп суктанды. Экинчиден, өзү ошо кыргыздын байыркылыгына, касиетине  мурдатан  баштап чөмүлүп жүргөндүктөн ал бир чети таң калуу менен бир чети кошумча далилдерди келтиргениме аябай баа берди. Кыскача ошол китепти сүрөттөп берсем: Кыргыздын тарыхы өтө улуу, зор, касиеттүү. Бирок, тилекке каршы, биздин кол алдыбызда жүргөн улуттар аны бурмалап, тарыхыбызды уурдап, ар кайсы элге чачып, бизди тарыхсыз калтырып койгон. Жадакалса, кыргыздан чыккан пайгамбардан баштап еврей деп жазып койгон. Мухаммед пайгамбарды араб деп жазып койгон. Ал эми улуу Чыңгыз ханды моңгол кылып салган. Ошентип, биз тарыхсыз калып калганбыз да.

— Кино жана режиссерлук кесипти тандап, ушул дүйнөнү таанып-билгениңизге көп эле жыл  болуп калды.  Ал эми ар бир кесиптин түйшүгүнүн башталышы дагы кызык болсо керек?

— Негизи, чыгармачылык жолум, Бөкөмбаев  айылында башталган.  Анда мен  2-класста окусам керек. Ошол учурда музыкалык окуу жай ачылат деген жаңылык  айтылып, ата-энеме айтпай кошунам экөөбүз барып, ал аккардеонго мен фортопеаного жазылдым. Бир жарым айдын ичинде эле Бетховендин кичинекей пьесасын өздөштүрүп алдым. Эки ай өткөндөн кийин чейректик концерт берет экен, музыкалык мектептен ата-энелерди чакыргыла деп калды. Үйгө келип: «ушундай концерт болот мен катышам барып  көрүңүздөр» десем  ата-энем таң калып: «Сен кайдагы концертти  бересиң?  Эмне үчүн?» — деп танкалышты. Ошол жерден  мен эки айдан бери ошол окуу жайда окуп жатам деп айтып түшүндүрдүм. Концерт башталды, ата-энелер залга олтурушту. Бир убакта мага кезек келип эле жарыялап салды, Бетховендин пьесасы аткаруучу Эрнест Абдыжапаров деп, анан пианиного барып олтурсам эле жазуулар жок. Себеби, биз даярданып окуп жүргөндө ар бир нотаны жазып койчу да кагаз менен чаптап, ал эми тигил жерде андай жазуу жок экен. Эжейим жаныма келип олтурду. Эми мактанганы жатат да азыр менин окуучум Бетховендин пьесасын ойноп берет  деп.  Мен болсо эжейден сурап коём ноталар кайсыл  жерде деп. Эжейим  болсо мына бул жерде турбайбы деп аппак эле жерге колумду коюп берди. Артка чегингенге жол жок,  колум көнгөн боюнча черттим. Бирок башкача болуп, импровизация болду. Эже колумду тартып жатат ага болбой эле өзүмдүн каалаганымды ойнодум, ата-энем болсо : «Балам Бетховендин ойноду» деп кубанышат. А мен болсо уялганыман качып кетип калгам. Бирок менин эң биринчи чыгармам ошондо жаралган(күлүп).

— Канча жыл болду чыгармачылыгыңызга?

Эгер ошондон баштап эсептесек, элүү эки элүү жыл болуптур.

Катаал учурда өз кесибин таштабай, мыкты кинолорду жаратып келишкен режиссерлордун арасында сиз да болгонсуз? Дегеним, ошондой оор сыноолордо кино кантип  тартылып жатты эле?

— Өзүм дагы таң калам, кантип келинчектерибиз чыдады. Азыр кыргыздар сонун жашоодо жашап жатат десек болот. 1990-жылдардагы ачкачылыкты дагы көрдүк, ошого карабай СССР киного көңүл бурбай калса да, кино тартабыз деген өзгөчө күйөрмандар келиптир. Алсак, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаровдордун катарына кошулуп, мендагы кинону сактап калганыма таң калам. Бардыгы кинону тартып таштап кетип калышкан. Ошого карабай бир далай кино тартып, фестивалдарга катыштык байгелерге ээ болдук. 1998-жылы Аскар Акаев Прагага барып калат. Ал жактан Лотслав Говал экөө сүйлөшүп олтурганла сыналгыдан көрүп олтуруп, Лотслав Говал аябай мактайт силердин киноңор укмуш, Актан Абдыкалыковдун «Беш кемпир» тасмасы дүйнөнү дүңгүрөтүп жатат десе, Аскар Акаев билбей коёт эмне жөнүндө сөз болуп жатат деп, анан ошол дүйнө жүзүнө уят болгондуктан келип, ошол кинону көрүп, «Кыргыз киносун сактап жаткан турбайбы» деп Актан Арым Кубатка үч бөлмөлүү квартира ыйгарган. 2000-жылы кино тууралуу мыйзам кабыл алынып, 2001-жылы каржылоо башталган.

— Өзүңүздүн өмүрүңүздү кино жаатына арнап келесиз, кино сиз үчүн эмне?

— Мен көп изилдедим, кино эмне? Жашоо эмне? Адам эмне? Анан дагы менин китебимдин негизинде мурунтан бери философияга көңүл бурам, көп китептерди окугам, институтта орус тилдүү болсом дагы, орус тили менен адабиятына караганда коомдук илимдерди аябай жакшы көрчүмүн. СССРдин тарыхы Марксизм, тарыхый материализм дисциплиналарын жакшы окуп, ошол эле илимий атеизм, ошондон улам жанагы диний философияларга көп кызыккандыктан, кинону адамдын табиятка жуурулушунан улам мындай деп салыштырам да. Эгерде Алла Таалам жер жүзүн жана адамдарды жаратып койгон болсо, ошол сымал режиссер дагы өзүнүн ааламын жаратат, ошол ааламында адамдар бар, ал жерде эмоциялар, трагедиялар, комедиялар бар, эмне себептен муну салыштырып жатам. Анткени, биз жашоодо минтип айтабыз өткөн чак, учур чак анан келер чак деп, а жашап жатканда учур чак менен эле жашайбыз, ал эми мен китебимде ушуну дагы далилдеп кеттим. Негизи, кайып дүйнөдө келер чак, өткөн чак деп эсептешпейт, ал жерде бүт баары камтылган. Ошондуктан жанагы көзү ачыктар кайып дүйнөгө кирип алып анан биздин өткөн чагыбызга, келер чагыбызды билип жаткан себеби ошол жерде баары маалым экен да, ошол сымал кино дагы режиссер дагы кудай сымалбыз. Өзүбүздүн өмүрүбүздү башынан аягына чейин билебиз,көрөбүз биз жараттык да муну. Бирок көрүүчүлөр аны учур чак менен эле көрө алат, жанагы пленканы кое бергенде башынан баштап аягына чейин учур чак менен эле көрө алат. Бүткөндөн кийин ал кино жок болуп калат. Ал жашоо жок болуп калат, алардын эсинде гана калат, демек, кино мен үчүн менин кол алдымда жаралган аалам мен жаратманмын, өзүмдүн кинолорума жаратуучусумун десем болот.

— Кыргыз киносунун кайсыл  жерлери алсыз?   

— Акча, болгону эле ошол. Биздин таланттар эми четтен чыгат. Өзгөчө азыр кичине таажы вирусу чоң тоскоолдук кылып койду, болбосо көп долбоорлор быйыл тартылат деп турганда шактары сынып, мүңкүрөп калган учуру. Азыр кайра көтөрүлө алабы белгисиз, бирок мындай эле учурду келтирип кетейин азыр, жанагы кинорежиссерлука конкурс жарыяланып жаткан учурда экономист юристерге караганда көбүрөөк кишилер режиссерлука тапшырат экен. Мен буга күбө болуп калдым, демек, биз кыргыздар жаратман болобуз, чыгармачыл болобуз анан ар бир өзүнчө кудай, өзүнчө жараткандын  шыпаасы менен дагы бир жаратмандыкты жаратып анан, дүйнө жүзүнө рух илебин чачыра турган кудуретке ээ десем болот. Ошондуктан кино — бул рухту сактай турган жана пендечиликти агартып, арууланта турган чоң курал. Себеби, режиссёрлорду манасчылардын мураскерлери деп койсок болот.

— Жогоруда көп долбоорлор ишке ашпайт калды деп айтып өттүңүз, азыр техника өнүгүп, кино  тармагы өсүүдө. Дагы кандай тасмаларды жаратам деген пландарыңыз бар?

— Мен эми азыр бир долбоорумду  айтайын, ошол китебимдин экинчи бөлүгүнө чыкты,  буга чейин  тасмаларым — «Саякбай» болду, «Жусуп Абдырахманов» болду. Эми Сагымбай Орозбаковдун үстүндө иштеп жатам. Буюрса, каражат табылып  калса, Сагымбай Орозбаков элге тартууланат деп жүрөм.

— Кинотармагынан тышкары ыр жаратып келесиз, азыркы учурда канча ырыңыз бар репертуарыңызда?

— Эми баш-аягын санап көрө элекмин, ырдала элек сандыкта жаткан ырлар көп эле, ал эми элге тартууланган 25ке жакын ыр бар. Дагы деле жаралып жатат да, бирок мен ыр жазганда олтуруп алып атайын жазбайм, болгону чарчаганда гитараны кармап же болбосо клавишага  олтуруп калганда анан колго илинип калат да бир жанагы акындардын ырлары, кайрыктары. Ошентип барактап ыр саптары келип калат. Ар бир акындын өзүнүн ыргагы бар да, ыр жазып жатканда ошону караганда эле ошол ыргакка жараша обон жарала баштайт. Ошол обонду ырдап туруп эле диктофонго жазып коём, кийин бир мезгилде кайрадан карап жатканда учуру келгенде убакыт болгондо жаздырып ырдап коём да.

— Сиздин ырдоо стилиңиз дагы өзгөчө, сын пикир айтылды беле ырдоо жагынан?

— Сын-пикир айтылган эмес. Мен джаз стилинде ырдайм. Ырдоо жагынан алсак, жакындаИскусство университетинен Айтурган деген студент кайрылып калды; «Мен сиздин бир ырыңызды таап алдым  интернеттен, бизге тапшырма берди эле, ошол ырыңызга клип тартсам болобу?»- дейт. Мейли, тарта бер менин жардамым керек болсо берейин дедим, бирок кийлигишкен жокмун өзү каалагандай тартсын деп. Кышында тартып бүтүрүптүр, айтып калды чыкты деп, барып көрсөм аябай мыкты тартылыптыр, мага аябай жакты.  Ал эми пикирлерди окусам, аябай ыңгайсыз экен «сен карыган чал, пьесаңды окуп үйдө олтура бербейсинби« деген пикирлер келиптир. Ошондон кийин абайлап калдым. Өзүмө тийиштүү эле ырларды ырдасамбы, жашыма жараша(күлүп).

Социалдык тармактарда сиздин жүктөгөн сүрөттөрүңүздү көрүп аябай суктанам да, жаратылышты, турмушту, жашоону чагылдырган сүрөттөр көбүнесе. Мунун дагы себеби болсо керек?

— Эми себеби мен азыр жаратылыштын арасында жашап жүрөм, үйдөн чыга калганда эле маңдайымда боз салкын тартылган төр, каптал жагымда Ысык-Көл, ак мөңгүлүү Ала-Тоо. Анан турганда эле баарын көрөм, көп кыдырам, Бишкекке көп келип кетем да. Жолдо баратканда  зым карагайларды тартып келем (күлүп).

— Азыркы көрүүчүлөрдүн табитине сиздин бааңыз кандай болду экен?

— Советтер Союзу менен салыштырганда биз жапайы агымга түшүп алганбыз да, бардык жагынан эл деле мамлекет деле башаламан болуп эле, өзүбүз билбей жаткан багытка баратабыз. Баарыбыздын максатыбыз бай болуу. кымбат машина айдоо, балдарыбызды чет мамлекеттен окутуп анан бир даражалуу кызматка отурса деген ойлор менен алпурушабыз. Советтер  Союзунда кино эч качан автордук же коммерциялык болчу эмес, жакшы же жаман болчу, элге жаккан кинолорго айлык дагы берилип турган анан көчүрмөлөрдү көп чыгарып көрүүчүлөргө көрсөтүүгө шарт түзүлчү. Бүгүн бизде мамлекет кинону караманча карабайт, менин жаштарга баа бергеним, ушул күнгө чейин биздин жаштарыбыз элибизге жаман ыплас нерсе көрсөтө элек. Кайсыл киного барбайын деңгээлдери ар кандай бирок, баары тең кыргызды тарбияласак, жакшы жакка үндөсөк деген тарбиялык мааниси бар кинолор тартылып жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү кыргыздын искусствосу каржыланбай жатканына карабай мамлекетти жогорку деңгээлде көтөрүп келатабыз десек болот .

— 8 кесиптин ээси  Эрнест мырза  дагы  кандай кесипти  аркалаганга  аракет  жасап  жатат?

— Пандемия таасир берди окшойт жазуучулук жагынан өзүмдү сынап көрүп, алгачкы китебим  чыкты. Эми ойлор пайда болуп жатат, кыязы жазуучу болот окшойм (күлүп).

— Кино тартуу боюнча да сабак өтөсүз? Кыз -келиндер арасында мыкты режиссерлор барбы?

— Ооба да, керек болсо азыр мен ойлойм, кыздар көбүрөөк аралашып жатат. Кыз-келиндер тарткан кинолордун фестивалы бар бизде, анан мына чет мамлекетке барып өнөр көргөзүп жаткан кыз-келиндерибизди дагы унутпасак. Бир жолу фестивалга барып калсам, катышуучулардын жарымынан көбү кыздар экен, ошол режиссерлук кесипте бир сериалга да катышып келдик. Режиссеру да оператору да кыз экен. Азыр эркек оператор табыш кыйын болуп калды деп ошол жердегилер айтып  калды. Ошондуктан кыз- келиндер бийликти акырындан колдоруна алып жатат(күлүп).

— Жубайыңыздын кайсы сапатын баалай аласыз?

— Өзгөчө баалап кете турган нерсе бул чыдамкайлыгы, Мага чыдагандыгы. Анткени, башыбыздан көп нерсени өткөрдүк, анан «башканын аялдары минтип атат, муну жейм тигини алам, мындай үйдө жашайт элек«  деген сөздү уккан жокмун. Ар дайым баш кошкондон баштап, ушул күнгө чейин мага ишенип, чыдап чогуу жашап келе жатат. Буюрса, 17-августта 35 жыл болот чогуу жашап келе жатканыбызга.

 

Exit mobile version