Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен ооруп, айыкты.
Анын айтымында, кайталанып алынган анализдин жыйынтыгы таза чыгып, дүйшөмбү күндөн тарта жумушуна киришкен.
30-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү ант беришет. Ооруп калгандарына байланыштуу Э. Асрандиев жана бир катар өкмөттүн мүчөлөрү жаңы өкмөттүн ант берүү аземине катышкан эмес.