Марал Радиосу

Fujitsu кеңселеринин жарымын жабат

Япониянын ири иш берүүчүлөрүнүн бири Fujitsu пандемиядан кийин кеңселеринин аянтын 50 пайызга кыскартып, 80 миң кызматкерин аралыктан иштөөгө жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Bloomberg жазды.

Маалыматка караганда, кызматкерлер кайда иштөөнү тандашат: үйдөн, ири корпоративдик борбордон же компаниянын филиалдарынын биринен. Аралыктан иштөө заводдун жумушчуларына тиешелүү эмес.

Fujitsu жумуштун бул формасы кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатат деп эсептейт. Компания кызматкерлерине үйлөрүндө иштөө үчүн айына 46 доллар төлөйт.

Fujitsu Япониядагы эң ири жумуш берүүчүлөрдүн рейтингинде 17-орунда турат. Компанияда 130 миң адам иштейт.