Биз менен байланышыңыз

Нью-Йорктун губернатору Трампты коронавирус жайылтууга айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 277 | 0

«АКШнын президенти Дональд Трамптын COVID-19 коронавирусу жөнүндө айткан сөздөрү кырдаалды чаташтырып, оорунун андан ары жайылышына алып келет» деп билдирди Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо.

The Hill билдиргендей, Куомо Трамптын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоодо COVID-19 инфекциясынын 99 пайызы «такыр зыянсыз» деген сөздөрүн кайталады.

-Трамп мындай билдирүүлөр менен вируска жардам берип жатат. Көрдүңүзбү, оору кандайча өсүүдө, экономика кыйналып жатат жана ал учурдагы кризистин бир бөлүгү, — деди губернатор.

Куомонун айтымында, президенттин сөзүнөн улам америкалыктар беткап кийбей, социалдык аралыкты сактабай, өздөрүнө кам көрбөй жатат. Натыйжада, 38 штатта коронавирустук инфекция көбөйүүдө.

Трамп буга чейин АКШда COVID-19 оорусу көбөйүп жатканын, бирок оорудан каза болгондор азайып баратканын айткан.

Worldometers ыктыярчылар уюмунун маалыматы боюнча, АКШ коронавирус инфекциясы жана өлүмү боюнча дүйнөдө лидер болуп саналат. Өлкөдө 3 миллиондон ашуун учур жана 132,000 адам өлүмү катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM