Биз менен байланышыңыз

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева көз жумду

Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 1775 | 0

5-июлда белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам жашы 62ге караган убагында бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист, саясат таануучу, педагог, саясат таануу илимдеринин кандидаты, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардак наамынын ээси (2005); Эл аралык Айтматовдук Коомдук Академиянын журналистика боюнча академиги (1994) болчу.

Досалиева 1958-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.

1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа / Азаттык үналгысынын» Кыргыз кызматынын «Азаттык Медиа» мекемесиндеги кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп келди.

«Марал» радиосунун эмгек жамааты «Азаттыкка» жана Досалиеванын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM