Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жашында каза болду. Бул тууралуу «Кыргызстан» партиясынан билдиришти.
А.Ташыбаева 50 жыл мугалим болуп иштеген.
Маркум эртең, 6-июлда Чүй районундагы Кошой (Калиновка) айылында акыркы сапарга узатылат.