Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев: Өз алдынча дарыланбагыла

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 409 | 0

Борбор калаа Бишкекте 4 күндүзгү стационар борборлору ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал ооруган бейтаптарга дарыгерлерге кайрылууга, алардын кеңешин алууга чакырды.

Борбор калаада ачылган күндүзгү борборлорду ачуунун негизги максаты, оор абалдагы бейтаптарды ооруканаларга жаткырып дарылап, ал эми жеңил жана орто жеңилдиктеги абалдагы бейтаптар аталган борборлорго барып кеңеш алып, капельница сайдырып, үйүңүздөргө кетсеңиздер болот. Эч качан үйдөн өзүңүздөрдү дарылабаңыздар, сөзсүз дарыгерге кайрылып кеңеш алыңыздар, антпесе, өмүрүңүздөргө коркунуч болуп калышы мүмкүн, — деди Балбак Түлөбаев.

Анын айтымында, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү үчүн, борбор калаанын райондорунда 4 күндүзгү стационар борборлору ачылган. Алардын иштөө режими — саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин.

Copyright © 2017 Maral FM