Биз менен байланышыңыз

Өкмөт 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 382 | 0

Өкмөт 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алды, алар бүгүн чартердик каттам менен Кытайдан алып келинди.

Белгилей кетсек, жуманын башында Өкмөт тарабынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 млн сом бөлүнгөн.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы – 500 даанасы келди, кийинки 500 даана партия өлкөгө келерки жумада жеткирилет.

Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жана өпкө сезгенүүсүнөн жабыркаган жарандар дарыланып жаткан медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүлөт. Жабдуулардын бир бөлүгү COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөш жүргүзүү үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу үчүн өлкө аймактарына жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM