Марал Радиосу

Экс-депутат Жалгап Казакбаев көз жумду

Жогорку кеңештин мурунку депутаты Жалгап Казакбаев узак убакытка созулган ооруудан улам каза болду. Ал 71 жашта болчу.

Казакбаев узак убакыт бою Кара-Балта тоо-кен комбинатында директор болуп иштеди. Андан сырткары, КГРКда жетекчинин кеңешчиси, ЖК депутаты жана Чүй облусунун губернатору болгон.

Марумду акыркы сапарга узатуу аземи 6-июль күнү, саат 10:00дө, Кара-Балта шаарында өтөт.