Марал Радиосу

Орусиядагы 26 кыргыз дарыгери жардам берүү үчүн мекенине жол тартты

Орусияда иштеген кыргыз дарыгерлери чогулуп, Кыргызстанга бекер жардам берүү үчүн үй-бүлөсүн, жумушун таштап, өз ыктыяры менен келе жатышат. Видеодо айтылгандай, 26 врач Кыргызстанга жол тартты.

Маалыматка ылайык, бул иш-чараны Неговский атындагы жалпы реаниматология институтунун анестезиолог-реаниматологу Эльвира Өмүралиева, Нургуль Камбаралиева, Нурлис Токебаев Индира Ганди Безелова, Айжан Чыныбаева, Мирбек Асангариев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдор уюштурган.

Бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерин, алардын учак билетинин жана бир ай жашай турган мейманканасынын, тамак-ашынын бардык чыгымдарын Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов каржылайт. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Exit mobile version