Улуубритания узак убакытка созулган карантинден соң, жеңилдетүүлөрдү киргизди.
3 айга созулган катуу режимдеги карантин бүтүп, шарттар жеңилдетилди. Бирок, милдетүү түрдө социалдык аралыкты сактоо шарты сакталат.
Бүтүндөй Улуу Британия болбосо да, көпчүлүк аймагында карантин токтотулуп, тамактануучу жайлар, кинотеатрлар, чач-тарачтар ж.б. коомдук жайлар иштеп баштады.
ВВС орус кызматы белгилегендей, 3 айдан соң иштеп баштаган алгачкы күнү оюн-зоок же тамактануучу жайларга салыштырмалуу эң көп кезек чач-тарачта орун алган.
Британ өлкөсү коронавирусту жуктургандардын көптүгү боюнча дүйнөдө 5-тизмеде турат. 313 миңден ашык адам коронавирус менен катталган. Анын ичинен 44 миңден ашыгы каза болсо, миңге жакыны сакайып чыккан.