Марал Радиосу

Белгилүү ырчы Тургуналы Нурматов көз жумду

«Кыргызымдын жигиттери», «Жымыңдайт жылдыз», «Той ыры» аттуу обондору менен элдин жүрөгүнөн орун алган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тургуналы Нурматов көз жумду. Бул тууралуу акын Бердибек Жамгырчиев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Тургуналы Нурматов деген өчпөс ысым жасап кеттиңиз. Балалык кез сиздин мукамдуу ырларыңыз менен өттү эле. «Кыргызымдын жигиттери» деген ырыңыз эле не деген керемет ыр. Өкүнүчтүү(( Ыйманыңыз саламат болсун эл таланты! Унутпайбыз!», — деп жазды акын Жамгырчиев.

Тургуналы Нурматовдун чыгармачылыгынын гүлдөгөн мезгили 90-жылдарга туура келет.

“Марал” радиосу маркумдун жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.