Саясатчы, экс-депутат Камчыбек Ташиевдин абалы оор. Бул тууралуу анын уулу Тай-Мурас ырастаганын Ташиевге таандык делинген Регион каналынын журналисти Откурбек Рахманов маалымдады.
-Камчыбек Ташиев агабыздын ден-соолугунун абалынан кыжаалат болуп, тынымсыз сурап жаткан урматтуу мекендештер, азыр эле уулу Тай-Мурас Ташиев, Камчыбек Кыдыршаевичтин абалы оор экенин айтты. Кудай шыпаа берсин, — деп жазды ал социалдык тармактагы жеке баракчасында.
Бул маалымат тууралуу Марал радиосуна ырастады. Ага ылайык, Ташиевге эки тараптуу пневмониянын оор түрү деп диагноз коюлган. Учурда абалы оор бойдон.