Биз менен байланышыңыз

Президент парламенттик шайлоого карата даярдыктар менен таанышты

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 1846 | 0

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда, өлкөнүн Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова менен онлайн кеңешме өткөрүп, парламенттик шайлоого карата даярдык маселелерин талкуулады.

Нуржан Шайылдабекова белгилегендей, шайлоо азыркы шарттарда жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн бардык санитардык-карантиндик чараларды жана эрежелерди аткаруу менен өткөрүлүшү шарт. БШК бул маселе боюнча өкмөт менен бирге иштешет.

БШКда жумушчу топтор түзүлүп, бүгүнкү күндөн тартып шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топ иштеп баштайт.

Жогорку Кеңешке шайлоо белгиленгенден кийин биринчи декадада шайлоого катышууну көздөгөн партиялар үчүн  шайлоого катышуунун негизги маселелери тууралуу: талапкерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо фонддорун түзүү эрежелери, үгүт иштери жана  талаш-тартыштар боюнча маалыматтык-түшүндүрүүчү окутуу семинарлары өткөрүлөт.

Шайлоочуларга маалымат берүүнү кеңейтүү максатында talapker.shailoo.gov.kg платформасы иштелип чыгып, анда шайлоого катышкан партиялардын программалары, ар бир талапкер тууралуу маалыматтар, ошондой эле партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттар, алардын чыгымдалышы  менен таанышууга мүмкүн болот.

-БШК парламенттик шайлоонун бардык катышуучуларына эркин саясий атаандаштык үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүп берет, — деди Шайылдабекова.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоонун бардык баскычтарында ачык-айкындуулук менен мыйзамдуулукту сактоо зарылдыгын белгиледи.

Президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө шайлоо боюнча өз позициясын билдиргенин — бардык саясий партиялар үчүн бирдей шарттар түзүү зарылдыгын баса белгилегенин эске салды.

-Биз укуктук жагынан жакшы даярдыктарды көрдүк. Бардык зарыл мыйзамдар күчүнө кирди. Эми негизги милдет — шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан шайлоо мыйзамдарын так сактап, ачык-айкын шайлоону өткөрүп алууда, — деди мамлекет башчысы.

Жээнбеков саясий партияларга, шайлоочуларга, байкоочуларга жана массалык маалымат каражаттарына шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары жөнүндө маалымдоонун маанисине көңүл бурду.

Эске салсак, президенттин Жогорку Кеңешинке шайлоону өткөрүүнү 2020-жылдын 4-октябрына белгилөө тууралуу Жарлыгы бүгүн, 3-июлда күчүнө кирди.

Copyright © 2017 Maral FM