Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кычкылтек концентраторлорун сатып алууга каражат бөлдү

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 401 | 0

Өкмөт кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы билдиргендей, бул чечим Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, 50 млн сом Кытай Эл Республикасынан кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу жана аларды Кыргызстанга жеткирүү үчүн бөлүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM