Биз менен байланышыңыз

Исмаилова: Эч бир медициналык мекеме ПЦР анализ талап кылбашы керек

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 410 | 0

Эч бир медициналык мекеме ПЦР анализ талап кылбашы керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

«Ооруканаларда ПЦР жок жаткырбайбыз деген маселе болуп жатат. Биз бул алгоритмди кайра карап чыкканбыз. Азыр эч бир медициналык мекеме  ПЦР анализин талап кылбашы керек. Ошондуктан туура эмес жасалып жаткан иштер боюнча маалымат болсо биз күтөбүз. 0555 00 50 44 номуруна кайрылыңыз. Ыктыярчы дарыгер кыймылына катышууну каалаган жарандар ушул номурга чалып, биз менен байланышсаңыз болот», — деди Исмаилова.

Ал дары-дармектердин бааларынын көтөрүлүшү боюнча өкмөт иш алып барып жатканын белгиледи. Жакынкы күндөрү бул көйгөй чечилерин айтты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM