Марал Радиосу

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебинде канча каражат бар экени айтылды

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүн, 3-июлда брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирус менен күрөшүү багытында түзүлгөн эсебине жарандардан түшкөн каражат боюнча маалымат берди.

Имаилова белгилегендей, министрликтин эсебине 139 млн 975 миң 253 сом түшкөн. Анын ичинен 31-марттагы протоколдун негизинде 38 млн 559 миң 300 сом медициналык кызматкерлердин кошумча төлөмдөрүнө коротулду.

28-апрелдеги протоколго ылайык, 95 млн 584 миң 800 сом медкызматкерлердин кошумча айлыгына бөлүндү.

29-майдагы протоколдун негизинде 4 млн 150 миң сом жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнүп берилген.

Учурда министрликтин эсебинде 1 млн 581 миң сом бар.