Марал Радиосу

Улуттук банк коммерциялык банктарды текшерүүнү убактылуу токтотту

Өлкөдө курч эпидемиологиялык кырдаал жаралганына байланыштуу, кызматкерлери арасында СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында, Улуттук банк коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, кепилдик фонддун, адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын, алмашуу жана кредит бюролорунун ишине текшерүүлөрдү, анын ичинде үчүнчү жактардын суроо-талабы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүнү убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу абалга келген учурда лицензиялоо жана жол-жобо иш-чараларын толуктоо максатында алмашуу бюролору орун алган жайларга тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлөт. 

Токтом Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин колдонулат.