Марал Радиосу

Чүйдө пневмонияны дарылоого 404 койка-орунду даярдоо пландалууда

Чүй облусунда пневмонияны дарылоо үчүн 498 койка-орун бар, буга кошумча дагы 404 койка-орунду даярдоо пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Гульнура Мамбетисаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө, Чүй облусунда 12 саламаттык сактоо мекемесинде коронавирус инфекциясын жана пневмонияны дарылоо жүрүп жатат. Алардын ичинен, 4 ооруканада 109 койка-орун даярдалып, учурда 83 бейтап жаткырылган.

Пневмония дартынын күч алышына байланыштуу 8 саламаттык сактоо мекемесинде 498 койка-орун даярдалган. 3-июлга карата алынган маалыматка ылайык, жалпы 462 бейтап жаткырылган.

-Кошумча койка-орундуктарды даярдоо боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Медициналык пероналды зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздап, шарттарды түзүү боюнча иштеп жатабыз. Жакын арада, дагы кошумча 404 койка-орун даярдалат, — деди Мамбетисаева.