Марал Радиосу

Новосибирскиден 186 кыргызстандык келди

Орусиядан Кыргызстандын 186 жараны атайын каттам менен алып келинди.

Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, мекендештер бүгүн, 3-июлда, Новосибирск — Бишкек аба каттамы менен учуп келишти.

Алардын арасында жашы жете элек балдар да бар. Кош бойлуу 19 аял, он бала, Сибирь ЖОЖдорунда билим алган 57 студент жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да келген.

Учуп келгендердин бардыгы тең карантиндик текшерүүлөрдөн өтүп, көзөмөлдө болушат.