Марал Радиосу

Тажикстанда дагы 52 адамдан коронавирус аныкталды

Тажикстанда дагы 52 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу кечээ, 2-июлда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендигин жергиликтүү басылмалар жазды.

Бир сутка ичинде коронавируска байланыштуу адам өлүмү катталган жок. Ал эми өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6058 адамга жетти. Бул илдеттин кесепетинен 52 бейтап көз жумду. Ошондой эле 4690 адам айыгып чыкты.

Тажикстанда коронавирус боюнча биринчи учурлар 30-апрелде жарыяланган болчу.