Марал Радиосу

Эс алуу күндөрү медкызматкерлер үчүн транспорт уюштурулат

Медицина кызматкерлерин алып келүү жана кайра жеткирүү боюнча транспорт уюштурулат.  Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, эс алуу күндөрү жана коомдук транспорт жүрбөгөн учурда, медкызматкерлерди алып келүү жана кайра жеткирүү боюнча транспорт уюштурулат.

Бул маселенин үстүндө Саламаттык сактоо министрилиги Мэрия менен биргелешип иш алып барат.

Эске салсак, Бишкекте эс алуу күндөрү коомдук транспорт каттабайт. Такси кызматтары толугу менен ишин токтотот.