Марал Радиосу

Боронов: Түркиядан 50 ИВЛ алынып жатат

Азыркы мезгилде өпкө пневмониясы күч алып жатат. Ошондуктан ИВЛ аппараты эмес, кычкылтектик концентраторлорго муктаждык күчөй баштады. Бул маселе да чечилгенин бүгүн, 2-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан 500 кычкылтектик концентратор, Түркиядан 50 ИВЛ, 50 кычкылтектик концентратор алынып жатат. Учурда саламаттык сактоо мекемелеринде жалпысынан: 572 ИВЛ аппарат, 610 кычкылтек концентратору бар.

Гуманитардык жардам катары:

Донорлордун каражаттарынын эсебинен 63 ИВЛ аппараты жана 111 кычкылтек концентратору сатылып алынат.

Өкмөт тарабынан дагы кошумча 50 млн сом бөлүндү. Бул каражатка керектелүүчү медициналык каражаттар сатылып алынат.