Марал Радиосу

3-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-июлда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас  облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ал эми күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +15 … +20 °C, күндүз +30 … +35 °C

Таласта түнкүсүн +8 … +13 °C, күндүз +24 … +29 °C

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 … +20 °C күндүз +30 … +35 °C

Ысык-Көлдө түнкүсүн +6 … +11 °C, күндүз +20 … +25 °C

Нарында түнкүсүн +7 … +12 °C, күндүз +21 … +26 °C

Бишкек шаарында 3-июлда түнкүсүн бир аз жаан жаайт. Күндүз күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн +15 … +17 °C , күндүз +26 … +28 °C болот.