Биз менен байланышыңыз

Боронов: Элдин акчасын жегенге жол берилбейт

Кыска кабар | 2 Июл 2020 | 377 | 0

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн өнөктөштөрдөн жана чет өлкөлөрдөн жалпы 645 млн доллар каражат тартылууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымыда, өлкөдө экомикасын калыбына келтирүүдө комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Социалдык тармактагы бардык милдеттенмелер, социалдык төлөмдөр өз убагында каржыланат. Бул тармакта башталган реформалар аткарылып, улантылат.

Өкмөт башчы социалдык тармактарда, айрым сайттарда кызуу талкуу жараткан 600 млн доллар акча боюнча төмөнкүлөгө токтолду.

«600 миллион долларга жакын акча каражаты Кыргызстанга келип түштү, өкмөт, аткаминерлер ошол акчаларды кайда кетиргени белгисиз, жеп жатат, ичип жатат» деген маселелер абдан көп. Элдин акчасын жегенге, ичкенге жол бербейбиз. Атайын кызматтар башынан баштап бүгүнкү күнгө чейин катуу көзөмөлдөп, иштеп келе жатышат. Коронавирусту жеңип алгандан кийин акча каражатына ким тиешелүү болсо элге отчет беришет. 400 миллионду жеп алды, ичип алды деген туура эмес», — деди Боронов.

Ал белгилегендей, сырттан алынып келип жаткан акчанын бүгүнкү күндө 291,9 млн доллары келип түшкөн. Бул бюджетти колдоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө багытталат. Калган акча каражаттар да келүүсү күтүлүүдө.

Боронов Кыргызстанга колдоо көрсөткөн мамлекеттерге, эл аралык финансы институттарына жана кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM