2020-жылдын апрель-май айларынын ичинде Эл аралык валюта фондунун (I транш) эсебинен жүргүзүлгөн чыгымдар республикалык бюджеттен 9 млн 765 миң 800 сом суммада чыгашалар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Финансы министр Бактыгүл Жеенбаева брифинг учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык,
- эмгек акы төлөөгө – 4 115,5 млн сом,
- социалдык муктаждык төгүмдөргө – 498,5 млн сом,
- социалдык фондго трансферттер – 2 131,3 млн сом,
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондунун трансферттерине – 1 310 млн сом,
- теңдөө трансферттерине – 160,8 млн сомо (МӨБ органдарынын айлык акысы),
- калкты социалдык камсыздоо жана социалдык жардам боюнча жөлөк пулга – 1 102,9 млн сом,
- медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга – 106,3 млн. сом,
- стратегиялык кам көрүүлөргө (Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан данды сатып алууга)– 240,1 млн сом,
- COVID-19 илдети менен күрөшүү максатында оор турмуштук кырдаалга кабылган калк үчүн социалдык коргоо органдарына каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам, тамак-аш азыктарын сатып алууга – 100,4 млн сом жумшалган.