Марал Радиосу

Ооруканаларда 1247 бейтап пневмониядан дарыланууда

Учурда өлкөнүн ооруканаларында 1247 киши пневмониядан (коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан) дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, ооруканада пневмониядан дарыланып жаткандардын ичинен 337 бейтаптын абалы оор, 112 киши реанимация бөлүмүндө жатат.

Өлкөдө март айынан бери 1971 адам пневмония диагнозу менен ооруканага дарыланууга алынган. Алардын ичинен 627 киши оорудан айыгып чыккан, 97 бейтап каза болгон.