Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, шайлоочулардын көпчүлүгү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдошкон.
Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү шайлоочулардын 78%ы колдоп, 21,2%ы каршы болушкан. Бейшемби, 2-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) протоколдордун 99,1%ын каралып чыккандыгын билдирди. Шайлоого катышкандардын саны 65%ды түздү.
Чеченстанда, Дагестанда жана Тувада шайлоочулардын 90%дан көбү түзөтүүлөрдү кабыл алууну колдошту. Ненец автоном округунда шайлоочулардын көпчүлүгү өзгөртүүлөргө каршы добуш берген жалгыз аймак болду. Акыркы маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 54%га жакыны каршы болсо, болжол менен 45%ы колдогон.
БШКнын маалыматы боюнча, Москвада шайлоочулардын 65,9%ы өзгөртүүлөрдү колдой тургандыгын билдирсе, 33,1%ы каршы добуш берген.
Көз карандысыз байкоочулардын айтымында, Орусияда мындай ири масштабдагы бурмалоолор 2011-жылдан бери болгон эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилованын айтымында, добуш берүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясынын териштирүүсүн талап кылган олуттуу мыйзам бузуулар болгон эмес.