Марал Радиосу

БУУ кыргызстандык дыйкандарга жер семирткич, дизель майын берди

Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму кыргызстандык дыйкандарга 134 тонна жер семирткич, 24,5 тонна дизель майын алып берди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай материалдык колдоону Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы, Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунда жашаган жардамга муктаж дыйкандар алышты.

Бул иш-чара Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жиберген өтүнүчтүн негизинде жүзөгө ашырылган.